Казакстанда акыркы суткада коронавирус жуктурган 2054 жаңы учур катталды. Ооругандардын көбү 806 адам борбор калаада аныкталган. Андан соң инфекция Алматы шаарынын 532 жана Караганда облусунун 130 тургунунан табылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 1 миллион 333 миңден ашты. Учурда 18900дөн көп адам илдеттен дарыланууда, анын ичинен 1280 бейтап ооруканада.
Которгон: Клара Кудайбергенова