Казакстанда
«Айылдык
саламаттыкты сактоону жаңылоо» улуттук
долбоорунун алкагында 500дөн ашык медициналык объект курулду. Өлкөдө
медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча
аткарылган иштер тууралуу премьер-министрдин орун басары Ермек Кошербаев айтып
берди. Анын айтымында, аймактарда заманбап ооруканаларды куруу жана иштеп
жаткан саламаттыкты сактоо мекемелерин реконструкциялоо активдүү жүргүзүлүүдө.
Бул жыл сайын энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрүн
төмөндөтүүгө, ошондой эле калкты дары-дармек менен камсыздоону жакшыртууга
өбөлгө түзөт.
Ермек Кошербаев, Премьер-министрдин орун басары:
- Президенттин "элеттик саламаттыкты сактоону жаңылоо" улуттук долбоору боюнча тапшырмасына ылайык, азыркы учурда 500дөн ашык объекттин курулушу аяктады. Жылдын аягына чейин дагы 140тан ашык айылдык амбулатория жана медициналык пункт ишке киргизилет. Региондорго болгон сапарларымдын жүрүшүндө мен өзүм барган жерлерде бул объекттердин курулушунун жүрүшү, ошондой эле алардын медициналык кадрлар менен камсыздалышы менен тааныштым. Жалпысынан айылдарда медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жогорулап жатканы белгиленет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

