Мүйүз менен дарылоого суроо-талап бар

Мүйүз менен дарылоого суроо-талап бар

Мүйүз менен дарылоого суроо-талап бар. Чыгыш Казакстан облусунда дарылоонун мындай түрү жыл бою жеткиликтүү. Курортторго казакстандыктардан тышкары коңшу өлкөлөрдөн да туристтер көп келишет. Буга чейин коноктор бугу айынын аягынан теке айына чейин гана кабыл алынчу. Белгилей кетсек, жыл бою кызмат көрсөтүү туристтик аймактардын баасын арзандатууга мүмкүндүк берет. Маселен, жергиликтүү марал чарбасынын борбору болгон Катон-Карагайдын чарбаларында 3,5 миңге жакын марал бар. Алар өлкөнүн мүйүздөн алынган өнүмдүн 85%ын өндүрөт.

Назерке Аскар Кызы, Мүйүз менен дарылоо борборунун мүдүрү:

- Жайында жетишпей калгандар бар. Күзүндө, кышында же жазында эс алгандар көп. Катон-Карагайда быйылкы сезондо эмканалардын жоктугунан эл мүйүз менен дарылоону колдоно албайт. Ошондуктан биз жыл бою иштейбиз.

Иван Божков, турист /Алматы облусу/:

- Биринчи күнү денем күч алып, кан жүгүргөндөй болду. Экинчи жана үчүнчү курстан кийин аябай сергип калдым. Жада калса тоого да чыгып келдик.

Которгон: Илгиз Жамалбеков