Түркестанда каңгы дооруна таандык жоокердин сөөгү жана курал-жарак табылды

Түркестанда каңгы дооруна таандык жоокердин сөөгү жана курал-жарак табылды

Түркестан облусундагы Күлтөбө байыркы шаарчасынын аймагында археологдор каңгы дооруна таандык жоокердин сөөгүн жана курал-жаракты табышты. Кылышжар көрүстөнүнөн узундугу бир метрден ашык кылыч жана канжар алынган. Окумуштуулар, бул жоокердин типтүү куралы, акинак деп аталат дешүүдө. Болжол менен, ал 35-40 жаштагы эркек кишиге таандык болгон. Адистер бул ачылыштын өзгөчө баалуулугун белгилешет, анткени мындай артефакттар бул аймакта чейрек кылымдан бери табыла элек болчу. Каңгы дооруна мүнөздүү болгон көмүү ырым-жырымы да өзгөчө кызыгууну жаратат. Артефакттар илимий экспертиза үчүн лабораторияга жөнөтүлдү.

Кайырхан Шартаков, Улуттук тарыхый-маданий коруктун кичи илимий кызматкери:


- Биз Күлтөбө шаарчасынын жана Кылышжар көрүстөнүнүн аймагында казуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Биздин башкы максатыбыз - табылган артефакттарды музейлерге өткөрүп берүү жана республикалык деңгээлде көрсөтүү.

Которгон: Назира Бегалиева