Казакстанда католик чиркөө мүчөлөрүнө туруктуу жашоо тартиби жеңилдетилет

Казакстанда католик чиркөө мүчөлөрүнө туруктуу жашоо тартиби жеңилдетилет

Мындай мүмкүнчүлүккө Казакстанга узак убакыттан бери аталган диний объекттин каалаган субъекттерин тейлөө үчүн келген дин кызматкерлери ээ болот. Буга чейин алардын банктык эсебинде кеминде 1320 АЭК, башкача айтканда, төрт жарым миллион теңге болушу керек болчу. Мындан тышкары, туруктуу жашаган жерин тастыктоо талабы алынып салынат. Эми аны католик чиркөөсүнөн жазуу жүзүндө ырастоо жетиштүү болот. Өлкөнүн Мажилиси дал ушуну көздөгөн мыйзам кабыл алды. Депутаттар бул документ конфессиялар аралык келишимди бекемдөөгө жана өлкөнүн эл аралык деңгээлде укуктук мамлекет катары беделин көтөрүүгө жардам берерине ишенишет. Белгилей кетсек, бул келишимге былтыр Рим папасы Францисктин Казакстанга жасаган иш сапарынын алкагында кол коюлган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков