Казакстанда «коомдук жайыт» тууралуу жаңы түшүнүк киргизилет

Казакстанда «коомдук жайыт» тууралуу жаңы түшүнүк киргизилет

Ага жергиликтүү калктын мал кармаган жерлери тиешелүү болот. Мындай мал жайыттарын башка максатта пайдаланууга же аларды алууга мыйзам тарабынан тыюу салынган. Айыл жерлерин жайыт менен камсыз кылуу айыл акимдеринин карамагында болот.Азырынча бул процесс райондук аткаруу органынын көзөмөлүндө. Жеке менчик мал жаюуга бөлүнгөн аянттын жарымы пайдаланылбаса, ашыкчасы мамлекетке кайтарылат. Бул максат жерди эффективдүү пайдалануу жаатында колго алынган. Мажилисте жайыттарга байланыштуу ушул жана башка артыкчылыктарды караган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Султан Дүйсембинов, Парламент Сенатынын депутаты:

- Эми жайыттарды пайдалануунун планы 5 жылга түзүлөт. Учурда мал жаюунун пландары узак мөөнөткө 2 жылга чейин жана кыска мөөнөткө 1 жылга чейин түзүлүүдө. Жайыттарды коргоо, калыбына келтирүү жана сугаруу боюнча жаңы беренелер киргизилип жатат. Колдонуудагы жер жана жайыт боюнча мыйзамдарда мындай жобо жок.

Которгон: Илгиз Жамлабеков