Казакстанда товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана коопсуздугун жөнгө салуу үчүн жаңы улуттук стандарттар киргизилет. Аталган маселелер менен жаңыдан түзүлгөн Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо улуттук ассоциациясы жана Акыйкатчы институту алектенет. Социалдык сурамжылоого катышкан 20 миң респонденттин жарымынан көбү бул сунушту колдогон. Айта кетсек, мындай коомдук уюмдар Германияда, Швейцарияда, Швецияда, АКШда жана башка өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп жатат.
Бакыт Султанов, РКнын Соода жана интеграция министри:
- Учурда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мыйзам долбоорлору, концепциялардын долбоорлору жана ачык ченемдик укуктук актылар интернет-порталына жайгаштырылып, мамлекеттик органдарга макулдашууга жөнөтүлдү. Ошондуктан мен керектөөчүлөрдү жана бизнес коомчулугун мамлекеттик органдар менен биргеликте бул ишке жигердүү катышууга чакырам.
Которгон: Илгиз Жамалбеков