Пандемия аяктай элек. Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги азырынча эркин болууга эрте экендигин эскертет. Айта кетсек, бир суткада өлкөнүн аймактарында инфекциянын 61 жаңы учуру аныкталды. Ошол эле учурда антирейтингде мурдагыдай эле өлкөнүн 2 негизги мегаполиси Алматыда 41 жана Нур-Султанда 13 учур менен башталып турат. Буга байланыштуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл комитети эмдөө, ревакцинация жана профилактикалык санитардык нормаларды сактоо зарылдыгын эске салат.
Ержан Байтанаев, Казакстандын саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл комитетинин расмий өкүлү:
- Пандемия бүтө элек. Эки жумадан бери оорунун көбөйгөнүн байкадык. Өсүү абдан чоң. Бизде эпидситуация бир калыпта жана ушул кезге чейин биздин формула боюнча туруктуу болуп келди. Эки жумадан бери бейтаптардын көбөйгөнүн байкап жатабыз. Өсүш абдан чоң. Бугу айында күнүнө эң көп дегенде 5 адам инфекция жуктурса, ал эми бүгүнкү күндө өткөн суткада 61 адам катталган. Эгер кайсы бир аймакта суткасына 100 учур катталып, аталган регион кызыл зонага өтсө, анда бул дүрбөлөңдү жарыялоого убакыт келгенин көрсөтүп турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков