Казакстанда этникалык казактарга акысыз билим берилет

Казакстанда этникалык казактарга акысыз билим берилет

Казакстан мекендештерге бекер билим берүүгө даяр. Республиканын 7 жогорку окуу жайларында коңшу өзбек мамлекетинен келгендер билим ала алышат. Бул тууралуу Казакстандын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрүнүн  Ташкентте жергиликтүү казактар ​​менен жолугушуусунда айтылды. Белгилей кетсек, казак окуу жайлары жакындарына тарыхый мекенинде билим алуу мүмкүнчүлүгүн үзгүлтүксүз сунуштап келишет. Мамлекеттик гранттар боюнча бөлүнгөн квотанын 4 пайызы чет өлкөдөгү казактарга тиешелүү.

Серикбай Үсенов, Өзбекстандагы казак маданий борборунун төрагасы:

– Бизде 128ге жакын жогорку окуу жайлары бар болгону менен, окуган балдар көп. Ошондуктан аларды чет өлкөдөн окутуп жатабыз. Казакстандан 7 университет келип, жаштарыбызды окууга тартып жатканына ыраазыбыз. Ортобуздагы ынтымак жоголбосун.

  

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков