ОПЕК + өлкөлөрү мунай өндүрүүнү ыктыярдуу кыскартуу мөөнөтүн узартышты. Бул чектөө бештин аягына чейин колдонулат. Сегиз өлкө, анын ичинде Казакстан азыркы келишимди карманууга ниеттенүүдө. Жыл башынан бери иштеп жаткан документте «кара алтынды» өндүрүүнүн көлөмүн суткасына 2 миллион баррелге кыскартуу каралган. Катышуучу мамлекеттер чектөөнү тогуздун айынан алып салууга ниеттенишкен, бирок аяк оона айындагы онлайн-жолугушуунун жыйынтыгы боюнча мунай өндүрүүнүн көлөмүн ошол бойдон калтыруу чечими кабыл алынды. Белгилей кетсек, күзүндө кара алтындын дүйнөлүк баасы кыйла арзандады. Дүйнөлүк банк 2025-жылы дүйнөлүк мунай өндүрүү беш жылдык эң төмөнкү чекке чейин төмөндөйт деп болжолдоодо.
Которгон: Илгиз Жамалбеков