Алтын-Эмель менен Барсакелмес ЮНКСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирди

Казакстандын дагы эки экосистемасы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди. Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан Республикасы биргелешип «Турандын муздак кышкы чөлдөрү» көп улуттуу номинациясынын компоненттери катары Алтын Эмел улуттук сейил багынын жана Барсакелмес коругунун аймактарын Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү үчүн арыз беришти.


Эскерте кетсек, буга чейин «Алтын-Эмель» жана «Барсакелмес» ЮНЕСКОнун биосфералык корук макамын алышкан. Бул чөлдүү аймактар ​​дүйнөдөгү максималдуу жана минималдуу аба температурасынын эң чоң айырмачылыктарынын бирини болуп саналат. Бул жерде сейрек кездешүүчү жаныбарлар жана өсүмдүктөр бар. Окумуштуулардын айтымында, алар жердеги экосистемалардын эволюциясын жана татаал климаттык шарттарга ыңгайлашуусун ачык көрсөтүп турат.

Аскар Абдирахманов, Казакстандын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү:

-Алтын-Эмель менен Барскельместин жаңы эл аралык макамы Казакстандын табигый экосистемаларын терең илимий изилдөөнү жана жаратылышты коргоо боюнча натыйжалуу чараларга кошумча көңүл бурат деп күтөбүз. Ошондой эле өлкөбүздүн дараметин  бекемдөөгө, туруктуу жана жоопкерчиликтүү туризмди өнүктүрүүгө жардам берет.


Белгилей кетсек, Казакстандан дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурастарынын тизмесине 6 объект, адамзаттын материалдык эмес маданий мурасына – 13 объект, ЮНЕСКОнун биосфералык резерваттар тармагына – 15 корук, «тынчтык эстелиги» документалдык мурас реестрине – 3 материал жана эл аралык уюмдун календарына - 25 эстелик даталар киргизилген.


Которгон: Илгиз Жамалбеков