Ахмет Байтурсыновдун мааракесине даярдык

Ахмет Байтурсыновдун мааракесине даярдык

Республикада Ахмет Байтурсыновдун 150 жылдык мааракесин белгилөөгө даярдык иштери кызуу жүрүп жатат. Аны Костанай облусунда да кеңири өткөрүү пландалууда. Ошентип, иш-чаралардын негизги бөлүгү саясий ишмердин туулган жеринде өтөт. Аккөл айылында Ахмет Байтурсынов менен Миржакып Дулат уулуна арналган эстелик ачылат.

Сапар Ыскаков, туристтик комплекстин автору:

- Аяк оона айынын 5де казактын улуу инсаны Ахмет Байтурсыновдун 150 жылдыгы. Ошол үчүн ушул мемориалдык имаратты куруп жатабыз. Анын ичинде 12 адамдын дене топурагы бар. Башында коюлган белги болот. Алардын бири Ахмет Байтурсынов.

Агартуучу Ахмет Байтурсыновдун эмгек жолу менен жашоосу быйыл өзгөчө көңүлдө. Бул максатта экспедиция да уюштурулган. Окумуштуулар, тарыхчылар Казакстандын, Орусиянын жана Азербайжандын бир катар аймактарында болуп, ал жактагы архивдерди изилдеп, эл мугалими иштеген мектептерде, редакцияларда болушат. Долбоордун жыйынтыгы боюнча даректүү тасма тааныштырылат.

Алмас Абсадык, экспедиция жетекчиси:

- Ыбырай Алтынсарин атындагы мектепте экспедициянын жыйынтыгын чыгарганы турабыз. Анткени мезгилинде ушул мектептин дубалында Костанай педагогикалык классы болгон. Аталган сабакта Ахмет Байтырсунов казак тилинен сабак берген эле.

Негизги иш-чаралардын бири музей-үйдүн ачылышы болмокчу. Бул үчүн Ахмет Байтурсын уулу жашаган деп эсептелген үйдүн ордуна жаңы имарат салынып, ал тарыхый экспонаттар менен толукталат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков