Казакстанда эпидемиологиялык абал жакшырып келет. Акыркы жумада өлкөдө кооптуу илдетке чалдыгуу 31%га кыскарды. Жагымдуу жаңылык менен саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жандос Бүркитбаев өкмөттүн жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда инфекциялык жана жандандыруу мекемелеринин жүктөмү 19%ды түзөт. Бүгүнкү күндө бейтаптардын 96%дан ашыгы айыгып чыкты. Жалпысынан акыркы 4 айда коронавирус инфекциясынын деңгээли 16 эсеге азайган. Өлкө калкынын жарымына жакыны эки компоненттүү вакцина менен камтылды. Кошумчалай кетсек, учурда Pfizer менен 235 миң 117 адам эмделди. 303 миң адам ревакцинациядан өттү. Дүйнөлүк рейтингде Казакстан коронавируска каршы вакцинациялоо боюнча 208 өлкөнүн ичинен 103-орунда, ал эми КМШ өлкөлөрүнүн ичинен экинчи орунда турат. Бирок азырынча бошонууга эрте, дейт өкмөт башчысы.
Аскар Мамин, РКнын Премьер-Министри:
- Бирок өзгөчө мамлекеттик чек арада санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо зарыл. Көптөгөн өлкөлөрдө илдеттин жаңы штаммдарына байланыштуу кезектеги толкун башталып жатат. Вирустун жаңы штаммынын дүйнөдө тездик менен жайылып жатканына байланыштуу имараттарда, коомдук транспортто беткап тагынууга, эл көп чогулган жерлерде социалдык аралыкты сактоого өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Которгон: Илгиз Жамалбеков