Коронавирустун жеңил түрү пайда болушу мүмкүн. Анын активдүүлүгү мезгилге жараша болот. Анткен менен илдет аталган категорияга киргенден кийин дагы, сасык тумоо сыяктуу COVID-19 эпидемиясы пайда болушу ыктымал. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри билдирди. Өлкөдө вирустук инфекциялардын саны азайып баратканына карабастан, дүйнөдө эпидемиологиялык абал дагы эле туруксуз бойдон сакталып турат. Ал эми эң эффективдүү коргонуу бул өз убагында эмдөө жана ревакцинация, дешет адистер. Расмий маалыматтар боюнча, Казакстанда акыркы суткада инфекциянын 15 жаңы учуру аныкталды. Бейтаптардын эң көп саны Алматыда, борбор калаада жана Алматы облусунда катталган. Азыркы учурда 2 миңден ашуун адам коронавирус инфекциясына каршы дарыланып жатат. Алардын 239у ооруканада. Вакцинанын эки компоненти менен 9 миллион 184 миңден ашык казакстандык эмдөөдөн өттү. Ревакцинация алгандардын саны 3 миллион 363 миңден ашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков