Казакстанда эң ири маалымат борбору ачылат

Казакстанда эң ири маалымат борбору ачылат

Казакстан Борбор Азиянын санариптик борборуна айланат. Өлкөдө гипер масштабдуу маалыматтарды иштеп чыгуу борборун куруу боюнча эң ири IT долбоорун ишке ашыруу пландаштырылууда. Ал, 2027-жылы сингапурдук инвесторлордун катышуусунда ишке кошулат. Инвесторлор менен макулдашуу боюнча токтомго өкмөт башчы кол койду. Акмола жана Караганды облустарында жалпы кубаттуулугу 200 МВт болгон эки маалымат борбору курулат. Долбоорго 690 миллиард теңге инвестиция тартылат. Борборлорду мамлекеттик санариптик тутумга кошуу ишин санариптик өнүктүрүү министрлиги жүргүзөт. Бул борборлор Казакстандын IT кызматтарынын экспортун көбөйтүүгө жардам берет. Өлкөгө Microsoft, Google жана Amazon сыяктуу ири технологиялык компанияларды тартуу көздөлүп жатат.

Которгон: Илгиз Жмалбеков