Казакстандын демилгеси – “Нобель фестивалы” ислам өлкөлөрүндө адам капиталын, билим берүүнү, инновацияларды жана жаңы экономиканы өнүктүрүү үчүн чоң мааниге ээ. Мындай пикирин Пакистандын президенти Ариф Алви Казакстандын элчиси Ержан Кистафин жетектеген делегация менен жолугушууда билдирди. Быйыл эл аралык фестивалдын конокторун Пакистан өлкөсү кабыл алат. Исламабадда жетинин айынын 29-30да болочок медицина, билим берүүнү санариптештирүү, алдыңкы технологиялар, климаттын өзгөрүшү, туруктуу экономикалык өнүгүү стратегиялары талкууланат. Салтка айланган иш-чара Пакистандын президентинин төрагалыгы алдында өтөт. Эл аралык фестивалга жыл сайын 5 миң оффлайн жана 800 миң онлайн катышуучу чогулат. 2020-жылдан бери 15тен ашык Нобель сыйлыгынын лауреаттары, дүйнөгө таанымал серепчилер, инноваторлор, бир катар эл аралык уюмдардын жана дүйнөлүк компаниялардын лидерлери иш-чаранын ардактуу коноктору болушту
Которгон: Илгиз Жамалбеков