Казакстанда «Улуу талаа сапары» деп аталган уникалдуу ат чабыш марафон-сынагы өтүүдө. 20 чабандестен турган команда Сарыарканын жүрөгү аталган Астанадан Туркестанга бет алып, 1300 чакырымга созулган талааны багынтат. 14 күндүк марафондо 20 команда Акмола, Караганды, Улытау, Кызылорда жана Түркестан облустарын басып өтөт. Жарыш аяк оона айынын 19да өлкөнүн руханий борборунда аяктайт. Белгилей кетсек, марафон-жарыш улуттук спорттун VI фестивалынын алкагында экинчи ирет уюштурулуп жатат. Мелдештин катышуучуларын Парламент Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов куттуктап, ийгиликтерди каалады.
Ерлан Кошанов, Парламент Мажилисинин төрагасы:
-Маданиятыбызды даңазалоо, спорттун улуттук түрлөрүн
өнүктүрүү мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин башкы назарында. Маалым
болгондой, келерки жылы мамлекет башчынын колдоосу менен Казакстанда V Дүйнөлүк
көчмөндөр оюндары өтөт. Мындай чоң иш-чараны казак талаасында өткөрүү
мамлекетибиз үчүн чоң жоопкерчилик. Бүгүнкү фестиваль ошол оюндун башталышы десек
болот.
Төртүнчү жыл катары менен уюштурулуп жаткан фестивалга
өлкөнүн бардык аймактарынан 1300дөн ашык спортчу катышууда. Алар спорттун он
бир түрү боюнча күч сынашат. Жеңүүчүлөр аяк оона айынын 11де белгилүү болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков