Кол өнөрчүлөрдүн эл аралык фестивалы

Кол өнөрчүлөрдүн эл аралык фестивалы

Зергерчилик, текстиль, булгаары жана кийиз буюмдары, сувенирлер жана оюнчуктар. Эл аралык кол өнөрчүлөрдүн фестивалына биздин өлкөнүн, ошондой эле Тажикстандын, Кыргызстандын, Орусиянын чеберлери өз эмгектерин тартуулашты. Ошентип, казакстандык Рыскелди Мусаев Алматыдан күмүш жана түстүү металлдан жасалган зер буюмдарын алып келди. Зергер 45 жылдан бери салттуу стилде улуттук колоритти чагылдырган буюмдарды жасап келет. Бул убакыттын ичинде анын миңдеген эмгектери дүйнөгө тараган.

Рыскелди Мусаев, зергер: Алматы шаары

Петропавлга, республикалык фестивалга келгем. Мага мындай иш чаралар абдан жагат. Зергердик кесипти үйрөндүм. Бүгүнкү күндө менин ишимди балдарым улантууда.

Коңшу өлкөлөрдөн кол өнөрчүлөр да куру кол келишкен жок. Маселен, Орусиянын Курган шаарынан келген саймачы Надежда Еремеева фестивалга керамикалык ышкырыктарды алып келген. Алар филиграндык иштер жана адаттан тыш үлгүлөрү менен айырмаланат. Ал эми кыргызстандык усталар Түндүк Казакстан облусунун музейине белек катары металлдан жана булгаарыдан жасалган кур, Салехарддан, жыгачтан жасалган фигураны тартуулашты. Иш чаранын алкагында мастер-класстар жана зыяратчылар үчүн жарманке уюштурулду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков