Азия
менен Европанын ортосундагы транспорттук логистиканы өнүктүрүүнүн жаңы этабы.
Транскаспий эл аралык каттамы санариптештирилет. Бул үчүн сингапурдук компания
менен биргеликте «Digital Trade Corridor» платформасы иштелип чыккан. Ал
реалдуу убакыт режиминде жүктүн жайгашкан жерин, анын бажы статусун
көзөмөлдөөгө, ошондой эле коштоочу документтер жөнүндө маалыматты жаңылоого
мүмкүндүк берет. Бул операциялардын ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат.
Дагы бир «Tez Customs» платформасы
Казакстан аркылуу электрондук түрдө өтүүчү жүктөрдү бажылык тариздөөнү ишке ашырууга мүмкүндүк берет, кагаз иштерин
жоюп, ката кетирүү коркунучун азайтат. Бул ташуу процессин тездетип гана тим
болбостон, жөнөтүүчү компаниялар үчүн чыгымдарды азайтат. Система Кытай менен чек
арада ишке киргизилген, бул транзиттик декларацияларды мурункудай 2-3 сааттын
ичинде эмес, 30 мүнөттөн ашык эмес тариздөөгө мүмкүндүк берди. Эксперттер
белгилегендей, орто коридордогу процесстерди санариптештирүү жана
автоматташтыруу региондогу транспорттук логистика үчүн жаңы перспективаларды
ачып, Казакстандын дүйнөлүк соода системасына интеграцияланышына өбөлгө түзөт.
Эскерте кетсек, Казакстан жыл аягына чейин деңиз порттору аркылуу 8 миллион
тоннага жакын жүктү, анын ичинде Транскаспий багыты боюнча 4 миллион тоннадан
ашык жүк ташууну пландоодо. Экспортко жана транзитке келсек, алардын 50%га
өсүшү, ошондой эле импорттук жүк агымы белгиленет.
Касым
Тлепов, Казакстандын Транспорт министрлигинин комитетинин төрагасынын орун
басары:
- Бул өз кезегинде европалык компаниялардын ТЭТКна болгон
кызыгуусун көрсөтөт. Бул факторго акыркы жылдары ТЭТКны өнүктүрүү боюнча
комплекстүү чаралар көрүлдү. Быйыл Кытай тарап менен эки макулдашуу
ратификацияланып, Сианда казакстандык терминал ачылды. Чек арадан өтүүдө бажы
жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча чаралар көрүлдү, кытай тарап менен өз
экспортерлору үчүн субсидияларды берүү иштелип чыкты. Мамлекет башчысынын
Транскаспий багытында жүктөрдү ташуу көлөмүн 5 эсе көбөйтүү боюнча тапшырмасын
аткаруу үчүн 2028-жылга чейин деңиз инфраструктурасын өнүктүрүүнүн комплекстүү
планы кабыл алынган.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков