Бул өткөн жылдын ушул мезгилинде алынган көлөмдөн 18%га көп. Тактап айтканда тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайынын, транспорттун жана кампалардын, айыл чарбасынын көрсөткүчтөрү жогору. Мындай маалыматтар премьер-министрдин катышуусунда инвестициялык штабдын жыйынында айтылды. Алихан Смаилов Өкмөттүн алдында жыл аягына чейин негизги капиталга 18,5 триллион теңге инвестиция салуу милдети турганын баса белгиледи. Быйыл экономикага 24 миллиард доллардан кем эмес түз чет элдик капитал тартылууга тийиш. 2029-жылга чейин анын деңгээли 150 миллиард долларга жетет деп күтүлүүдө. Жалпысынан быйыл өлкөдө 1,9 триллион теңгеге 280ден ашык инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү пландалууда. Инвесторлордун ондугуна Нидерланды, АКШ, Швейцария, Бельгия, Орусия, Түштүк Корея, Кытай, Франция, Улуу Британия жана Германия мамлекеттери кирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков