Казакстанда чакан жана орто бизнес кызматкерлерин коронавируска каршы эмдөө мөөнөтү кайрадан каралат

Казакстанда чакан жана орто бизнес кызматкерлерин коронавируска каршы эмдөө мөөнөтү кайрадан каралат

Казакстанда чакан жана орто бизнес кызматкерлеринин коронавируска каршы эмдөө убактысы кайрадан каралат. Бул тууралуу коронавирус инфекциясын алдын алуу боюнча мекемелер аралык комиссиянын отурумунда айтылды.

Ошондой эле, теке айынын 19на чейин милдеттүү вакцинациялоого кирген коомдук аймактар аныкталат. Азыркы учурда эмдөө өнөктүгүн тездетүү жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн PFIZER компаниясы менен келишим түзүү иштери жүрүп жатат. Белгилей кетсек, ушул кезге чейин өлкөдө коронавируска каршы вакцинанын биринчи компонентин 4 миллион 486 миң 677 адам алса, экинчи компонентин 2 миллион 490 миңден ашуун адам алган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков