Казакстанда коронавирус илдети боюнча эпидемиологиялык абал кескин начарлады. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында саламаттыкты сактоо министри Ажар Гиният билдирди. Эпидемиянын тездик менен жайылышы өлкөдө коронавирустун омикрон штаммынын табылганы менен байланыштуу деп түшүндүрдү министр.
Ажар Гиният, Казакстан Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри
- Генетикалык изилдөөлөрдүн натыйжасында үчтүн айынын башында Алматы жана Нур-Султан шаарларында омикрон табылып, тастыкталган. Омикрондун өзгөчөлүгү илдет тез жугат, кайра жуктуруп алуу коркунучу өтө жогору жана дельтага караганда жогорку дем алуу жолдорунда 70 эсе тез көбөйөт.
Мындан сырткары, тармак жетекчиси өлкөдөгү эпидемиялык абалды да болжолдоду. Анын айтымында, оптимисттик сценарий боюнча ревакцинация калктын 100 пайызын камтыса, алдын алуу чаралары сакталса, күнүнө 17,5 миңге чейин учур катталат. Ал эми кырдаал пессимисттик абалга түшүп кетсе, суткасына 40 миңге чейин илдет жуктуруу учурлары катталышы мүмкүн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков