Казакстандык илимпоз диабет илдетин дарылоонун уникалдуу жолун иштеп чыкты

Казакстандык илимпоз диабет илдетин дарылоонун уникалдуу жолун иштеп чыкты

Казакстандык окумуштуулар өз тармагындагы жетишкендиктери менен бөлүшүүдө. Алматылык окумуштуу Бакытжан Алжанулы кант диабетин заманбап ыкмалар менен дарылоонун уникалдуу ыкмасын иштеп чыкты. Кеп клетка терапиясы жөнүндө болуп жатат. Адистин айтымында, клетканы трансплантациялоо уйку безине инсулинди өндүрүүгө гана эмес, анын организмдеги деңгээлин жөнгө салууга да мүмкүндүк берет.

Бакытжан Алжанулы, М. А. Айтхожин атындагы молекулярдык биология жана биохимия институтунун илимий кызматкери:

- Биз өз структурабызга өзөк клеткаларын киргиздик. Бул клеткалардан бета клеткалары алынды. Бул инсулин синтезине жооп берген уйку безинин клеткалары. Бизде бета клеткаларды алып салдык. Андан кийин барып, инсулиндин деңгээлин төмөндөтө алабы же көбөйтө алабы билиш үчүн керектүү сапатты текшере баштадык.

Окумуштуунун айтымында, жарыктын таасири астында бета-клеткалар инсулиндин деңгээлин жогорулатышы же төмөндөтүшү мүмкүн. Ошентип, ата мекендик биотехнологдордун уникалдуу дарылоосу кант диабети менен ооруган бейтаптарга жардам берип, эмдөөсүз жашоого шарт түзөт. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 1-типтеги кант диабетин дарылоо технологиясы дүйнөдө иштелип чыга элек, дарыгерлер бейтаптардын өмүрүн инсулин терапиясы аркылуу кармап турушат. Ошондуктан башталган ишти аягына чыгаруу абдан маанилүү.

Камалидин Шарипов, М. А. Айтхожин атындагы молекулярдык биология жана биохимия институтунун башкы мүдүрүнүн милдетин аткаруучу:

- Азыр биз сынак жарыяладык. Бакытжан Алжанулы, мен жана башка илимпоздор менен биргеликте грант беребиз. Бул гранттык каржылоонун же биргелешкен гранттын бир түрү. Ушул гранттык каржылоонун негизинде башталган иштерди мындан ары улантабыз.

Белгилей кетсек, Бакытжан Алжанулы өзүнүн изилдөөсүн мындан 4 жыл мурун Канадада баштап, Казакстандын илимий институтунун базасында ийгиликтүү аяктаган. Анда клиникага чейинки жана клиникалык сыноолордун протоколдорун бекемделиши бар. Окумуштуулардын айтымында, 5 жылдан кийин технологияны иш жүзүндө колдонууга болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков