Төө сүтүнөн жасалган кычкыл суусундук чет мамлекеттерге экспорттолот

Төө сүтүнөн жасалган кычкыл суусундук чет мамлекеттерге экспорттолот

Улуттук суусундук – шубат башкача айтканда төө сүтүнөн жасалган кычкыл суусундукка суроо-талап жогору. Экологиялык таза өнүм казакстандыктар арасында гана эмес, чет өлкөлөрдө да популярдуу. Азыр ата мекендик өнүмдөр коңшу Кытай, Араб өлкөлөрүнө экспорттолот. Алматы облусунун Акши айылында шубатты чет өлкөгө экспорттоо максатында өндүрүштү өркүндөтүүгө киришишти. Өткөн жылы бул жерде төөнүн кургак сүтүн чыгаруучу ишкана ачылган. Мында айына 30 тонна өнүм  чыгарылат.

Төлеген Омаров, күрти айылдык окуругунун акими:

- Төө багып, башын, сүтүн көбөйтүп, үйлөрүнөн кадимки шубат кылып саткан жарандарыбыз бар. Бул иштер бизде жакшы темп менен, мыкты багытта жүрүп жатат. Дүйнөдө да, биздин өлкөдө да, элдин да көзү жетип, баары таза өнүмгө өтүшүүдө.

Жамбыл Карашбаев, айыл тургуну:

- Шаардан суроо-талап көп. Буйрутма 2-3 күн мурун келет. Акшинин автобусунан салып жиберем, ошол жактан өздөрү тосуп алышат. Күнүнө 50-60 литр сатабыз.

Шубат менен катар төө этине да суроо-талап абдан жогору. Анткени анын курамында холестерин болбойт. Ал эми майы ар кандай ооруларды дарылоо үчүн колдонулат.

Еркинай Абилханова, айыл тургуну

- Биз эки төө менен баштадык. Бүгүнкү күндө алардын саны дээрлик элүүгө жакын. Киреше алып гана эмес, кардарларыбызга да чоң пайда алып келген бизнести өнүктүрүп жатабыз. Анткени, төө сүтүнүн пайдалуу касиеттери бар экенин баары билишет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков