Астанада «Кымызмурындык» фестивалы өттү

Астанада «Кымызмурындык» фестивалы өттү

Казакстанда жаздын биринчи кымыз майрамы - Кымызмурындык өттү. Улуттук каада-салтты, суусундукту даңазалоого багытталган иш-чарага өлкөнүн он облусунан кымыз өндүрүүчүлөр чогулду. Алар Астанага фестивалдын катышуучуларына алгачкы кымызынан даам таттыруу үчүн келишкен. Бул жерде улуттук суусундуктун бир нече түрү сунушталган. Ар бир өндүрүүчүнүн кымыз даярдоонун уникалдуу ыкмасы бар.


Анар Курманова, Жаңаарка кымыз өндүүчүсү:


- Курамында отуз жети витамин бар. Өпкө оорусунун жалгыз дабасы. Кандагы гемоглобиндин көлөмүн көбөйтөт. Организм үчүн абдан пайдалуу суусундук. Кымыздын негизги баалуулугу ушул. Жаңы саап алынган соң көбүгүн ичүү керек. анткени ичинде бардык витаминдер бар. Канчалык узак сакталса, ошончо жакшы болот.


Жумажан Калтаев, уюштуруучу:


- Кымызмурындык - казак элинин негизги майрамдарынын бири. Бул жылкы төлдөп, кымыз көбөйгөндө, эл жайлоого чыкканда белгиленген. Бири-бирин конокко чакырып, меймандостук, бир туугандык көрсөткөн Нооруз, Сабантой сыяктуу башкы майрамдардын бири.


Майрамга чогулгандар кымыздан гана эмес, муну менен катар шоколаддагы курут менен шыпаалуу суусундуктан жасалган балмуздактан да даам татышты. Уюштуруучулар иш-чаранын негизги максаты улуттук суусундуктун организмге жана ден-соолукка пайдасын даңазалоо экенин айтышат. «Кымызмурындык» бир катар иш-чаралардын башталышы болуп саналат. Алардын бири жайында өтө турган масштабдуу BaiQymyz гастрономиялык фестивалы. Ал теке айында Астанада өтөт. Ага Казакстандын эң мыкты кымыз өндүрүүчүлөрү менен жылкы байлаган фермерлер катышат. Бул жерде эң мыкты улуттук тамактар сунушталат.


Айгерим Мусагажинова, этнограф:


- Кымызды Казакстандын бардык аймактарынан алып келебиз. Бүткүл республика катышат десек да болот. Ошондуктан биз азыр этно жана гастротуризмди өнүктүрөбүз. Казак кымызынан даам татуу үчүн Франциядан, Италиядан, Германиядан, Австралиядан атайын келгендерин каалайбыз. Анткени биздин өнүм— улуу талаанын улуу казынасы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков