Бүгүн казакстандыктар Мекенди коргоочулар күнүн белгилеп жатышат. 1992-жылы бугу айынын 7си Куралдуу Күчтөрдү түзүү тууралуу Казакстан Республикасынын Президентинин Жарлыгы чыккан. 2012-жылы бул күн мамлекеттик майрам деп жарыяланган. Бул күн өлкөнүн тынчтыгын коргогон жана тынчтыкты камсыз кылган аскер кызматкерлерин куттуктоо жана урматтоо күнү. Быйыл Астанада Мекенди коргоочулар күнүнө жана Жеңиштин 80 жылдыгына арналган масштабдуу аскердик парад өттү.
Бүгүнкү күндө Армиянын курамына кургактагы, абага каршы жана деңиз күчтөрү кирет. Ошондой эле атайын даярдалган аэромобилдик аскерлер бар. Алардын максаты-өзгөчө кырдаалда өзгөчө жашыруун операцияларды жүргүзүү. Куралдуу Күчтөрдүн катарында мырзалар менен катар айымдар да бирдей кызмат кылып келишет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

