Казакстанда бир суткада коронавирус жугузган 2257 учур аныкталды

Казакстанда бир суткада коронавирус жугузган 2257 учур аныкталды

Казакстанда оору жуккандардын саны өскөнү байкалууда. Өткөн суткада эле өлкө аймактарында коронавирустун 2257 жаңы учуру катталды. Антирейтингдин башында Алматы шаары турат. Мында кооптуу вирусту 650 адам жугузган. Түштүк мегаполистен кийинки орунда өлкө борбору. Анда 642 бейтап аныкталган. Оору көп катталган үчтүккө Караганды облусу кошулду. Жалпысынан өлкөдө пандемия башталгандан бери 1 миллион 323 миңден ашуун адамдан COVID-19 учуру тастыкталган. Ошол эле учурда коронавирусту жеңгендердин саны да өсүүдө. Акыркы 24 саатта эле 838 адам оорудан айыкты.

 

Которгон: Субанбек Исмакеев