COVID-19га каршы ар кандай өндүрүүчүлөрдүн вакциналарын колдонууга болбойт. Мындай кеңешти Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы илимий кызматкерлери берди.
Алар муну «кооптуу тенденция» деп атады, анткени эки вакцинанын ден-соолукка тийгизген таасири жөнүндө маалыматтар аз. Ооруга шыпаа издегендерге 3-дозанын да пайдасы аз болушу мүмкүн. Анткени кошумча вакцина колдонуунун организмге эффективдүүлүгү жөнүндө азырынча так маалыматтар жок дейт уюмдун өкүлү.
Сумья Сваминатан , ДССУнун башкы илимий кызматкери:
- Бул бир аз кооптуу жараян. Бизде аралаштыруу жана дал келтирүү боюнча маалыматтар же далилдер жок. Адамдар экинчи, үчүнчү жана төртүнчү дозаларды качан ала турганын өздөрү чече баштаганда, өлкөдө башаламандык башталат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков