К.Токаев: Астананын экономикалык дараметин системалуу түрдө жогорулатуу зарыл

К.Токаев: Астананын экономикалык дараметин системалуу түрдө жогорулатуу зарыл

Бул тууралуу мамлекет башчы борбор калааны өнүктүрүү боюнча жыйында билдирди. Президент борбор калаанын тез экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо үчүн биринчи кезекте атайын экономикалык аймактардын ишин кайра карап чыгуу зарылдыгына токтолду.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Өндүрүш өнөр жайын, IT секторун жана жаңы технологияларды өнүктүрүүгө басым жасап, атайын экономикалык аймактын ишин кайра уюштурууга убакыт келди. Сапаттуу жумуш орундары түзүлүшү керек. Ал үчүн тиешелүү инфраструктура зарыл. Бирок бул багыттагы иштер канааттандырарлык эмес. №1 өнөр жай паркынын ичи 95 пайызга толгону менен администрация он жылдан бери инфраструктурасын бүтүрө албай келет.

Касым-Жомарт Токаев стратегиялык маанилүү багыт катары Астана агломерациясын системалуу өнүктүрүүнү белгиледи. Президент өз сөзүндө борбор менен шаар четиндеги конуштардын соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык тыгыз кызматташтыгын жандандыруу керектигин айтты. Жаңы өнөр жай ишканаларын жана инфраструктуралык объектилерди жайгаштыруу Астанага жакын жайгашкан айылдардын дараметин жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Астананын жана Акмола облусунун акимдери шаар четинде жашаган элдин бакубаттуулугун жогорулатууга аракет кылышы керек. Астана агломерациясы инвестиция, жаңычыл жана тажрыйбалуу адистердин иштөөсү үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу болууга тийиш. Бул багыттагы иштерди күчөтүү зарыл.

Президент борбор калаа өнүгүүнүн жаңы моделине өтүп, инновациялык шаарга айланышы керек деп эсептейт. Касым-Жомарт Токаев учурда күч алып, жигердүү түрдө киргизилип жаткан шаарды башкаруунун жаңы санариптик ыкмаларына басым жасоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле, мамлекет башчысы Астананы өнүктүрүү стратегиясын кайра карап чыгуу зарылдыгын кошумчалады. Шаарды комплекстүү өнүктүрүүнүн  негизги багыттары документте ачык-айкын чагылдырылганы максатка ылайыктуу. Буга кошумча акимчиликке атайын коомдук угуу өткөрүп, шаардын жаңы Башкы планын иштеп чыгуу тапшырылды. Өкмөт аны жылдын аягына чейин бекитиши керек. Бул иштердин өз убагында жана сапаттуу аткарылышын көзөмөлдөө президенттин администрациясына  жүктөлдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков