Инвесторлор данды кайра иштетүүгө жана жер семирткичтерди өндүрүүгө 330 млрд теңге бөлөт

Инвесторлор данды кайра иштетүүгө жана жер семирткичтерди өндүрүүгө 330 млрд теңге бөлөт

Казакстанда жалпы суммасы 330 млрд теңгени түзгөн эки ири инвестициялык долбоор жактырылды. Экөө тең агроөнөр жай комплексинде ишке ашырылат жана айыл чарба чийки затын терең иштетүүнү өнүктүрүүгө, азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин арттырууга, импортту алмаштырууга жана кошумча наркы жогору өнүм түрлөрүн көбөйтүүгө багытталган. Инвестштабдын кезектеги отурумунда түрк компаниялары менен түзүлгөн келишим шарттар жактырылды. Каражат данды терең иштетүү комплексинин курулушуна, жер семирткичтерди жана пестициддерди өндүрүүчү агрохимиялык комплекс салууга багытталат. Биринчи долбоор боюнча 250 миң тонна иштетилген буудай жана 80 миң тонна бурчак өндүрүү пландаштырылган. Экинчи долбоордун да өндүрүш кубаттуулугу – жылына 150 миң тонна. Өкмөттө Казакстанда дан даярдоонун жыл сайынкы көлөмү 16-17 млн тонна деңгээлинде экени айтылды. Анын үчтөн бир бөлүгү экспортко кетет, ал эми калган бөлүгү ички кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө жана агросектордун туруктуу өсүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков