Премьер-министр Алихан Смаилов мамлекет башчысынын атынан Азия жайкы пара оюндарынын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин жеткен жогорку көрсөткүчтөрү менен куттуктады. Эске сала кетсек, Ханчжоу шаарында өткөн мелдеште казакстандык спортчулар 8 алтын, 12 күмүш жана 21 коло медалга ээ болушкан. Анда өлкө намысын спорттун 14 түрү боюнча 131 атлет коргоду.
Алихан Смаилов,
Казакстандын Премьер-министри:
- Сиздердин
берилгендигиңиздер жана кажыбас кайратыңыздар миллиондогон адамды жашоодогу
кыйынчылыктарды жеңүүгө жана ийгиликтерге жетишүүгө шыктандырат. Сиздердин
жеңишиңиздер адамдын жөндөмү чексиз экенин көрсөттү. Жаш муундар үчүн силердин
ар бириңердин жашооңор чеберчиликтин, эрдиктин жана, албетте, туруктуулуктун
үлгүсү. Ансыз жогорку спорттук натыйжаларга жетишүү мүмкүн эмес. Бул
жетишкендиктерге жетүү жолунда сиздерди колдогон машыктыруучулар өзгөчө
ыраазычылыкка татыктуу. Баарыңар жеңиш үчүн чыныгы олимпиадалык маанай менен
күрөштүңөр. Азия пара оюндарындагы бүгүнкү жеңиштер - келечектеги
Паралимпиадалык жетишкендиктер үчүн олуттуу кадам болуп саналат.
Премьер-министр мамлекет башчысынын атынан Азия пара оюндарынын жеңүүчүлөрүнө жана алардын машыктыруучуларына ыраазычылык кат менен бирге эстелик белектерди тапшырды. Ошону менен бирге, Казакстандын Паралимпиадалык дзюдо федерациясы президенттин ыраазычылык каты менен сыйланды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков