Казакстанда айыл чарба долбоорлору ишке киргизилди

Казакстанда айыл чарба долбоорлору ишке киргизилди

Бул тууралуу өлкөнүн Айыл чарба министрлиги билдирди. Быйыл аймактарда 237 долбоор ишке ашырылууга тийиш. Тиешелүү министрлик бүгүнкү күндө 227 ишкана ишке киргенин маалымдады. Инвестициянын көлөмү 214 миллиард теңгени түздү. Маселен, республиканын түндүгүндө кубаттуулугу 5 миң тонна эт өндүргөн бакма канаттуулар фабрикасы ачылды. Ал эми Павлодар облусунда товардык сүт-товар фермасы ишке кошулду. Анын кубаттуулугу 9 миллион литрге жакын. Азыркы учурда Алматы облусунда 18 долбоор ийгиликтүү иштеп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков