Казакстан менен
Түркия соода көлөмүн 15 миллиард долларга жеткирүүнү көздөөдө. Бул өз ара
жеткирүүлөрдү кеңейтүү жана өнүмдөрүнүн түрлөрүн ар түрдүү кылуу, ошондой эле
өз ара инвестицияларды көбөйтүү аркылуу ишке ашырылат. Түркиянын
вице-президенти Джевдет Йылмаз казакстандык жана чет элдик маалымат
каражаттарына берген интервьюсунда тараптардын экономикалык жана инвестициялык
чөйрөлөрдөгү кызматташтыгы стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи. Эки
тараптуу мамилелерди тереңдетүүнүн дагы бир фактору - логистика. Каспийдеги
соода флотун көбөйтүү жана бажы процедураларын жөнөкөйлөтүү артыкчылык болуп
саналат.
Джевдет Йылмаз, Түркиянын
Вице-Президенти:
– Түркиянын, Казакстандын,
Азербайжандын жана Грузиянын катышуусунда Ортоңку коридорду күчөтүү
пландалууда. Учурдагы шарттарда бул маршруттун глобалдык деңгээлде да талап
кылынары айкын. Энергетика – дагы бир негизги багыт. Биз бул тармакта
кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатабыз. Казакстандын мунайын дүйнөлүк
рынокторго чыгарууда Азербайжандын жана Түркиянын ролун жогорулатуу маселеси
каралууда. Мындан тышкары, Түркиянын энергетикалык компанияларынын
Казакстандагы чалгындоодон баштап казып алууга чейинки ишмердүүлүгүнө активдүү
катышуусу пландалууда.
Курулуш
тармагында да олуттуу келечектер ачылууда. Казакстан менен Түркия 30 миллиард
доллардан ашык суммага долбоорлорду ишке ашырышты. Бул иш улантылат, деп
белгиледи Джевдет Йылмаз. Түркиянын вице-президенти ошондой эле өлкөлөр
ортосундагы гуманитардык байланыштардын маанилүүлүгүн белгиледи.
Джевдет Йылмаз, Түркиянын
Вице-Президенти:
– Биз Казакстанда түрк мектептеринин санын
көбөйтүүнү каалайбыз. Бул багытта оң өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экенин көрүп
турабыз. Ошондой эле Түркестанда иштеп жаткан Кожо Ахмед Ясави атындагы
университет менен сыймыктанабыз. Бүгүнкү күндө анын 100 миңден ашуун
бүтүрүүчүсү жана 12 миңге жакын студенти бар, бул жогорку деңгээлдеги окуу
жайы.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

