Арал деңизинин түбүнө сөксөөл эгилет

Арал деңизинин түбүнө сөксөөл эгилет

Иле-Балкаш коругунан 14 жарым тонна сөксөөл уругу Кызылорда облусуна жөнөтүлөт. Аларды жыйноо үчүн Алматы облусунун улуттук парктары менен коруктарынын адистери тартылган. Иш бир айга жакын созулду. Урук Арал деңизинин түбүнө тартылып кеткен жерине эгилет. Бул жер кыртышын бекемдеп, Борбор Азия аймагына жайылган туздуу бороондордун санын азайтуу үчүн кажет. Сөксөөл кеңири масштабдагы аймакка себилгендиктен, ата мекендик окумуштуулар авиацияны колдонууну сунушташты. Үрөн деңизге атайын техника менен жабдылган учактардан себилет. Сөксөөлдү отургузуу Казавиатокойкоргоо мекемесине тапшырылды. Долбоор үчүн Ан-2, ал тургай 4 учакты колдонуу мерчемделип жатат. Aэро себүү ушул жылдын бештин айынынын башында башталууга тийиш.

Гани Турыкбаев, республикалык Токой селекциялык урук өстүрүү борбору түштүк-чыгыш аймагынын өкүлү:

- Токой аянтын аныктоодо токойдон уруктар алынган аянт аныкталгандан кийин ал жерден үлгү алынып, атайын лабораторияга текшерүүгө жөнөтүлөт. Лабораторияга берилген класстын сапаты боюнча биринчи, экинчи, үчүнчү сорт же себүүгө болбойт деген аныктама берилет.

Леонид Сидоренко, Алматы облустук Токой чарбачылыгы жана жаныбарлар дүйнөсү аймактык инспекциясынын бөлүм башчысы:

- Сөксөөлдүн уруктарын чогултуу абдан кыйын. Атайын жасалган жабдыкты көрөсүз. Сөксөөл ийилип урулат. Уруктарды тазалоо абдан татаал жараян.

Белгилей кетсек, сөксөөл себүү иштери Президент Касым-Жомарт Токаев тарабынан жарыяланган өлкөдө жашылдандыруу боюнча масштабдуу программанын алкагында жүргүзүлүүдө. План боюнча төрт жылда Казакстанда 2 миллиард бак-дарак отургузулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков