Алардын 226сы 2024-жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет. Калгандарынын эшигин 2025-жылдын аягына чейин ачуу пландалууда. Бул тууралуу парламенттеги АМАНАТ партиясынын кеңейтилген жыйынында өлкөнүн билим берүү министри билдирди. Жыйында Ыңгайлуу мектеп улуттук долбоору кеңири талкууланды. Бул үчүн 2023-2025-жылдарга 2,6 триллион теңге каралган. Каражат республикалык бюджеттен жана Улуттук фонддон бөлүнөт. Курулуш иштерине болжол менен 1 триллион 360 миллион теңге багыттоо көздөлүүдө. Каражаттар план боюнча этап-этабы менен берилет. Мындан тышкары жаңы билим берүү борборлорун тейлөөгө 200 миллиард теңге сарпталат. Белгилей кетсек, долбоорду ишке ашырган компания мектептерди сапаттуу жана өз мөөнөтүндө куруп берүүнү убада кылган.
Маулен Айманбетов, «SAMRUK-KAZYNA CONSTRUCTION» АК башкарма төрагасы:
Ыңгайлуу мектептер жалпы билим берүү борборлорунан бир аз айырмаланат. Маселен, техникалык жабдуу көрсөткүчү азыркы 6%дан 20%га чейин көтөрүлөт, спорт залдар көбүрөөк болот. Атайын изилдөө, робототехника класстары ачылат. Ал тургай бином боюнча да айырмачылыктар бар. Ошондуктан окуучулардын сапаттуу билим алуусу биздин кандай мектеп пайдубалын түптөй турганыбыздан көз каранды. Бул үчүн алгач долбоордук-сметалык документтерге ылайык мамлекеттик талдоодон өткөрөбүз. Бул биздин максатыбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков