Казак мамлекетинин байыркы карталары китеп болуп чыкты

Казак мамлекетинин байыркы карталары китеп болуп чыкты

Брюсселде Казак мамлекетинин сейрек кездешүүчү 130 картасы камтылган картографиялык китеп жарыкка чыкты. Атласты басып чыгарууда Мухит-Ардагер Сыдыкназаров 15 жыл эмгектенген. Картанын автору илимий борборлорунун таанылган дүйнөлүк коллекцияларын изилдеп, дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан маалыматтарды чогултуп, изилдеген. Кызыгы, биринчи карта 1562-жылы Бельгиянын Антверпен шаарында жасалган. Анын автору окумуштуу Герард Меркатор. Атластын автору, саясат таануучу Мухит-Ардагер Сыдыкназаровдун айтымында, ошол кездеги европалык жана америкалык окумуштуулардын карталары Евразиянын изилдөөчүлөрү жана туристтери үчүн колдонмо болгон. Ошондой эле, 16-19-кылымдарда Казак мамлекети менен дипломатиялык, соода-экономикалык жана маданий байланыштарды түзүүгө жардам берген.

Мухит-Ардагер Сыдыкназаров, саясат таануу доктору, Л. Гумилёв атындагы ЕУУнун учурдагы заманбап изилдөө институтунун мудүрү, профессор:

- Казак мамлекетинин аттары европалык тилдерге, атап айтканда латын, англис, француз, италия, фриз, валон жана немис тилдерине абдан окшошуп кетет. Тагырагы, «Kasaki», Khasaks», «Kaski Tartari», «Kassakia», «Cassaqy», «Kassakia Horda», «Independent Kassaks», «Independent Kasaks Turks». Казакстандын келечектеги жарандары, биздин балдарыбыз бул карталарды көрүшү керек. Дайыма мамлекеттүүлүгүн бийик тутуп келген элдин урпагы экенин билиши зарыл. Алар өз өлкөсүнүн ар дайым мамлекет болгонун билүүгө тийиш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков