Казакстан тышкы соода горизонтун кеңейтүүдө. Өлкө экспорттук дараметин 2 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатат. Бул мүмкүнчүлүктү ишке ашыруу үчүн учурда Индонезия, Монголия жана Бириккен Араб Эмираттары менен эркин соода аймактарын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Белгилей кетсек, жакында эле Казакстан, Иран жана Сингапур менен ушундай келишимдерге жетишкен. Башкалар менен соода-алакага байланыштуу жаны маалыматтар тармактык министрликтин өткөн жарым жылдык ишинин отчётунда келтирилди. Жыл башынан бери Казакстандын чет өлкөлөр менен соодасы 55 миллиард доллардан ашты. Бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда болжол менен 2 пайызга жогору. Негизги соода өнөктөштөрү Кытай, Орусия жана Европа Биримдиги. Ата мекендик даяр өнүмдөрдү ташууга жана тышкы рынокко кызмат көрсөтүүгө артыкчылык берилүүдө.
Алия Абдрахманова, соода жана интеграция министрлигинин басма сөз катчысы:
- Чийки эмес товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту 13 миллиард доллардан ашты. Анын ичинен 10,5 миллиарды даяр өнүмдү чет өлкөгө жеткирүү. Экспорттун өсүшүнө эл аралык рыноктордон түстүү металлдарга жана күн карама майына суроо-талаптын жогору болушу таасир этти. Акыркы жылдары Казакстандын тейлөө тармагы да экспортко оң таасирин тийгизүүдө. Министрлик жаңы сатуу рынокторунун пайда болушу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана ата мекендик өндүрүүчүлөр менен кызматташуу чөйрөсүн бекемдөө боюнча жигердүү иштерди улантууда.
Казакстанда жасалган өнүмдү дүйнөгө таанытуу максатында быйыл эле 5 тышкы соода миссиясы уюштурулуп, 150 миллион долларга жакын жаңы келишимдер түзүлдү. Өнөктөш мамлекеттерде Казакстандын соода үйлөрү, биргелешкен борборлору түзүлүүдө. Ата мекендик жеткирүүчүлөрдү колдоонун жаңы механизмдери киргизилип жатат.
Алия Абдрахманова, соода жана интеграция министрлигинин басма сөз катчысы:
- Үстүбүздөгү жылдын үчтүн айынын 20да экспорттук-насыя боюнча мыйзам кабыл алынган. Ал камсыздандыруу жана каржылык колдоонун кеңири спектрин ишке ашырууга багытталган. Ушул жылдын биринчи жарымында эле экспорттук-насыялык агенттик 30 экспортчуларыбызды колдоого алды. Ал эми «QazTrade» улуттук оператору быйыл сатуу рыногун кеңейтүүгө кызыкдар компанияларды тандап алды. Натыйжада 120 ата мекендик өндүрүшчүлөр Кытай, Германия, Катар, Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары, Өзбекстан жана Кыргызстандын рынокторуна чыгууга даяр.
Казакстандын электрондук коммерциясынын чек аралары да кеңейди. Быйыл Alibaba эл аралык соода аянтчасында 70 ата мекендик компаниянын өнүмү сатыкка чыгат. Бүгүнкү күндө бул глобалдык платформа аркылуу 300гө жакын компания 346 миллион доллар киреше тапты. Мындан тышкары, Казакстандагы кампаларда Борбор Азия өлкөлөрүнөн КЭР жана карама-каршы багытта өтө турган электрондук соода товарларын жайгаштыруу жагы бекемделген. Жалпысынан быйылкы жылдын 6 айында өлкө боюнча накталай эмес эсептешүүлөр 1,5 триллион теңгеге жеткен.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков