Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо
уюмунун баасы боюнча Казакстан вирустук гепатит менен күрөшүүдө алдыда. Борбор
Азия чөлкөмүндө гана эмес, КМШда да. Бул тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдүн
саламаттыкты сактоо системасынын кызыгуусун туудурат. Борбор калаага Германия,
АКШ, Түркия, Орусия, Өзбекстандан алдыңкы адистер келип, ата мекендик
кесиптештери менен тажрыйба алмашууда. Бул бир гана дарыгер-гепатологдор эле эмес,
гастроэнтерологдор, эндоскописттер, онкологдор, хирургдар жана
трансплантологдор. Алардын бардыгы боор жана тамак сиңирүү системасынын
ооруларын дарылоонун, диагностикалоонун жана алдын алуунун актуалдуу
маселелерине арналган 7-конгресске катышты.
Андреас Тойфель, PhD, профессор, Германиядагы Мангейм университетинин гепатология департаментинин башчысы:
-Германия Казакстанда колдонулуп келе жаткан вирустук гепатитти жок кылуу программасына кызыкдар. Сиздерде кеңири тестирлөө жүргүзүлөт турганын билебиз. Биз да ушундай тажрыйбага ээ болгубуз келет. Ошол эле учурда казакстандык адистер гепатит биздеги D гепатитин аныктоо жана дарылоо тажрыйбабызга кызыгуучулук таанытууда. Казакстандык адистер анын белгилери жана кесепети кандай болорун билгиси келет. Бул пикир алмашуу жана тажрыйба алмашуу аянтчасы болот.
Белгилей кетсек, гепатитке каршы вакцина программасы Казакстанда 25 жылдан ашык убакыттан бери ийгиликтүү иштеп келет. Боордун вирустук оорусуна каршы эмдөө балага макулдук бергенден кийин дароо жүргүзүлөт. Мындан тышкары республиканын профилактикалык борборлорунда скринингдик анализдер жүргүзүлөт. Былтыр вирустук гепатитти жок кылуу боюнча атайын долбоор киргизилген. Борбор калаада башталган бул программага 10 миңдей адам катышты. Долбоорго азыр бир нече аймактар киргизилип, жакынкы 2 жылда бүтүндөй республиканы камтуу пландалууда.
Күлпаш
Калиаскарова, ССМнин штаттан тышкары башкы гепатолог, гастроэнтерелог, улуттук
илимдердин профессору, медицина илимдеринин доктору:
-Азыр
бизде бир катар жаны жетишкендиктер бар.
Дүйнөнүн окумуштуулары чогуу иштешип, баасы 300 теңге турган
экспресс-тест иштеп чыгышкан. Бармактан алынган анализдин жыйынтыгы 5 мүнөттө
даяр болуп, гепатит боюнча так маалымат берет.
Эми бул тестти киргизип, клиникаларыбызда текшерүүнү көздөп жатабыз. 2 күн мурун тестирлөө башталды. Бизге
гуманитардык отчет менен жүз миң тест берилди. Аларды облустарга жөнөттүк. Алар
Түркестан, Чыгыш Казакстан жана Караганды облустары, ошондой эле Шымкент,
Семей, Темиртау шаарлары.
Которгон: Илгиз Жамалбеков