Казакстанда мээ ооруларын, анын ичинде инсультту
эрте диагностикалоо жана дарылоо үчүн жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү
активдүү колдонулууда. Алардын арасында - эл аралык RapidAI тажрыйбасы да бар.
Бул жогорку технологиялуу платформа мээнин кан тамырларынын жабыркашын
сүрөттөөгө арналган. Ал жабыркаган аймакты автоматтык режимде аныктоого жана
жыйынтыктарды түздөн-түз дарыгерлерге жөнөтүүгө мүмкүндүк берет. Мындан
тышкары, казакстандык адистер ата мекендик медициналык Cerebra стартап
долбоорунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууда. Ал компьютердик томографиянын
жыйынтыктарын талдоого жардам берет, бир нече мүнөттүн ичинде инсульттун түрүн
аныктоого мүмкүндүк берет. Башкача айтканда бейтаптардын өмүрүн сактап калууга
түздөн-түз салым кошот.
Ержан Адилбеков, Улуттук ыкчам
медицинаны координациялоо борборунун башкарма төрагасы:
- Казакстанда ЦЕРЕБРА программасы бар,
ал бул жаңы программанын альтернативасы болуп саналат.
Ал өлкөбүздүн көптөгөн ооруканаларына орнотулган. Анын дагы
өзүнүн жеңилдиктери бар. Азыр аталган программанын пилоттук долбоору жүрүп
жатат. Ал Астана шаарындагы 2-чи, ал эми Алматыда 7-чи шаардык ооруканада
орнотулган жана жыйынтыктары да жаман эмес.
Улуттук тез жардам медицинасын координациялоо борборунун маалыматы боюнча,
жыл сайын өлкөдө мээ кан айлануусунун курч бузулушунун 40 миңге жакын учуру
катталат. Илдетти өз убагында аныктап, жардам көрсөтүү аркылуу бейтапты толук
калыбына келтирүү мүмкүн.
Карашаш Бакибаева, бейтап:
- Мени ушул
мекемеге алып келишти. Мен бул мекемени билбейм. Кийин билип жатам. Дарыгерлери
да, мед айымдары да тез, жакшы экен. Жакшы жардам көрсөтүлдү. Эми кечээтен
бери, бир колум, бир бутум иштеген жок. Кыймылдай алган жокмун, ушул жердеги
кыздар жардамдашты. Эми кечээтен бери өзүм да кубанып, терезеге чейин өзүм басып
барып, тиги тамак ичүүчү отургучка барып, өзүм тамагымды ичип, кубанып отурам.
Дарыгерлер инсульттун белгилерин өз алдынча таануу үчүн жөнөкөй белгилерди билүү ашыкча болбой турганын айтышат. Бул FAST деп аталат, бет, кол, сүйлөө жана убакыт деп аталган тест. Эгер адамдын бети кыйшайса, колу алсыраса же көтөрүлбөсө, сүйлөөсү түшүнүксүз болсо, анда бейтапты алгачкы 4,5 саат ичинде инсульт борборлорунун бирине тез жеткирүү керек. Бүгүнкү күндө республика боюнча 83 инсульт борбору бар.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

