Испанияда коронавируска каршы вакцинациялоо көрсөткүчү төмөндөдү

Испанияда коронавируска каршы вакцинациялоо көрсөткүчү төмөндөдү

Испанияда эмдөөнүн көрсөткүчү акыркы жумаларда кыйла төмөндөдү. Бүгүнкү күндө 12 жаштан ашкан испандыктардын 91% коронавируска каршы вакцинанын эки компонентин тең алган. Серепчилердин айтымында, бул көрсөткүч Европанын башка көптөгөн өлкөлөрүнө шайкеш келгени менен, акыркы он күндө өзгөргөн жок. Европалык ооруларды калдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, калктын 49,5% вакцинанын үчүнчү дозасын алган. Алардын көбү карылар же аялуу топтогу адамдар. Эң төмөнкү көрсөткүч жаштар арасында болуп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков