Эң негизгиси жаңы санариптик ыкма ооруну алыстан аныктоого мүмкүндүк берет. Башкача айтканда, дарыгердин жана бейтаптын убактысын жана аракетин үнөмдөйт. Бул өзгөчө алыскы аймактарда жашагандар үчүн чоң жардам. Системага киргизилген сүрөт автоматтык түрдө райондун же облустун борборундагы офтальмологдун маалымат базасына киргизилет. Ошол учурда адис алыстан корутунду чыгарат. Долбоордун дагы бир өзгөчөлүгү дарыгердин корутундусу дароо бейтаптын электрондук ден соолук паспортуна тиркелет.
Еркебулан Жанибек уулу, окумуштуу:
- Система мобилдүү функция камерасын колдонуу аркылуу, айыл аймактарда орто даражадагы медайымдардын жардамы менен көз түбүн сүрөткө тартып, биздин системага киргизилет. Андан кийин, жасалма интеллект алгоритми диабеттик ретинопатия бар жогун жана кайсы этапта экенин аныктайт.
Назым Абдыкасымова, медайым:
- Фост- камерасы биздин поликлиникага үстүбүздөгү жылдын чын куран айында алынып келинген. Бул жерде 400 адам өттү, фост-камера менен оорунун алдын алабыз. Бул аппарат менен биз кант диабетинин татаалдыктарын карайбыз. Келгендер көп, жыйынтыгы 10 мүнөттө даяр болот.
Система буга чейин Астана жана Алматы шаарларындагы, ошондой эле Түндүк Казакстан, Чыгыш Казакстан, Түркестан, Акмола облустарындагы 17 мамлекеттик жана жеке клиникаларда ишке киргизилген. Белгилей кетсек, Эл аралык диабет федерациясынын 2021-жылга карата маалыматына ылайык, дүйнөдө кант диабети менен ооруган 537 миллион адам жашайт. Казакстанда бул көрсөткүч 400 миңге жакын.
Которгон: Илгиз Жамалбеков