Казакстан товарларынын Сербияга экспорту көбөйөт

Казакстан товарларынын Сербияга экспорту көбөйөт

Евразиялык экономикалык биримдиктин экспорттук алкагы кеңейтилет. Парламент Сенаты биримдикке мүчө мамлекеттер менен Сербия Республикасынын ортосунда эркин соода аймагын түзүү жөнүндө макулдашууну жактырды. Документке ылайык, Шериктештиктин алдыңкы беш өлкөсүнөн чыккан бир катар товарлар эми Балкан өлкөлөрүнө бажы төлөмүсүз жеткирилет.

Белгилей кетүүчү жагдай, Сербиянын базарына Казакстандын өнүмдөрүн экспорттоону көбөйтүү мүмкүнчүлүгү 250 миллион долларды түзөт. Эки тараптуу соода-алака эсебине химия жана мунай-химия, унаа жасоо жана металлургия, тамак-аш өнөр жайы, курулуш материалдары жаатындагы товарлар кирет. Жаңы соода келишими Дүйнөлүк Соода Уюмунун эрежелери негизинде иштелип чыккан.