Петропавловск шаарында 1855-жылкы байыркы мечит реконструкцияланууда. Анын сырткы көрүнүшүн кайра жаратуу жана ошол жылдардагы архитекторлордун идеяларын так кайталоо максатында, областтык архивдин кызматкерлери коңшу өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен кеңешип келишишкен. Бул үчүн алар атайын Санкт-Петербургга экспедицияга барышкан, кээ бир документтерди Башкыриянын улуттук архиви берген. Ошентип, алар объекттин план-схемасын, ошондой эле мечиттин курулушу тууралуу орус администрациясынын кызмат адамдарынын кат алышууларын табышкан.
Сауле Маликова, Чыгыш Казакстан мамлекеттик архивинин мүдүрү:
- Мындай нюанстар болгон. Бүткүл Орусия үчүн, бардык мусулмандар үчүн мечит куруу боюнча бирдиктүү долбоор. Булар бир кабаттуу имараттар, чоң эмес. Ал эми жердештерибиз сунуш кылган долбоор башкача болду. Аны эки жылдай талкууладык, акырында биздин соодагерлер, жердештер сунуштаган долбоорго токтолдук, изилдеп көрдүк, бул бир кабаттуу абдан кооз имарат.
Мечиттин сырткы контурлары байкаларлык түрдө өзгөрдү. Дубалдарды бекемдеп, декоративдик шыбак менен капташкан. Долбоордун авторлору оригиналдуу көрүнүштү гана эмес, өткөндүн атмосферасын да сактап калууга аракет кылышкан. Мунараны да калыбына келтирүүгө мүмкүн болгон, анын бийиктиги 22 метр. Имараттын жалпы аянты үч жүз чарчы метрди түзөт. Эки зал болот - негизги жана кичи. Ички дизайн камералык стилде жасалган. Айтмакчы, курулуштагы бардык материалдар жергиликтүү өндүрүштүкү.
Болат Асербеков, Казакстандын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, долбоордун автору:
- Мындай объектилер менен иштөө сыймык жана кыйын. Бирок менимче, азыр бизде баары ойдогудай болуп жатат, ички жасалгасы боюнча болжол менен 70%ы бүттү. Сыртынын 95 пайызы аяктады. Бизде дээрлик бардыгы даяр. Орнотуу жүрүп жатат.
Учурда аймакты жакшыртуу иштери жүрүп жатат. Жакында бул жерге карагайлар отургузулуп, гүлзарлар төшөлүп, отургучтар, пайда болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков