Анда адаттагыдай эле тармактын ата мекендик жана чет өлкөлүк ишканаларынын жетишкендиктери сунушталган. Кеңири масштабдуу иш-чарага дүйнөнүн 17 өлкөсүнөн, анын ичинде Австрия, Германия, Израил, Италия, Канада, Кытай, Түркия, Франция жана Швейцариядан 250дөн ашык делегат катышууда. Белгилей кетсек, көргөзмө Казакстандын унаа жасоочуларынын XI форумунун алкагында өтүп жатат. Салтка айланган жыйындын катышуучулары үч күн бою бир нече тематикалык секцияларда тармактын актуалдуу маселелерин системалуу түрдө чечүүгө байланыштуу ой-пикирлери, жаңычылдыктары менен бөлүшүшөт. Максаты – ата мекендик инновациялык комплексти тездетүүгө салым кошуу жана тармакка жаңы инвестициялар менен жаңы технологияларды тартуу.
Марат Карабаев, Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри:
- 2024-2027-жылдарга унаа жасоонун комплекстүү планы иштелип чыгат. Форумда өткөн 60 сессиянын алкагында дагы кандай жеңилдиктерди бере аларыбызды талкуулайбыз. Ошондон кийин гана комплекстүү план бекитилет. Негизги максат – ар кайсы өлкөнүн ишканалары менен эки тараптуу мамиле түзүү. Башкача айтканда, «бизнес менен бизнес», «ишкер менен ишкердин» түз кызматташуу маселеси. Ошондой эле, бул жерде ата мекендик алдыңкы технологиялар жана башка өлкөлөрдүн компаниялары көрсөтүлүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков