РКнын ТИМ: Абал турукташса ЖККУ күчтөрү өлкөдөн чукул түрдө чыгып кетет

РКнын ТИМ: Абал турукташса ЖККУ күчтөрү өлкөдөн чукул түрдө чыгып кетет

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Казакстан аймагына жайгаштырылышы өлкөгө террордук топтордун басып кириши менен байланыштуу. Мындай чечимге Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түшүндүрмө берди.

Шахрат Нурышев, РКнын ТИМ биринчи орун басары:

- Казакстанда тынчтык орнотуучу күчтөрдүн болушу убактылуу жана бул Казакстандын ички абалына байланыштуу экенин белгилегим келет. ЖККУнун баш катчысынын айтымында, күчтөр бир нече күн же бир нече жумага гана болушу мүмкүн. Мунун баары Казакстан Республикасындагы кырдаалга байланыштуу. Башкы катчынын айтымында, аскерлердин жалпы саны 2500дү түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков