Бүгүн Акордада Эл аралык аялдар күнүнө карата салтанаттуу
иш-чара болуп өттү. Казакстандын Президенти анын катышуучуларын жаздын эң сонун
майрамы – менен куттуктады. Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн бардык аялдарына терең
ыраазычылык билдирди. Ал ата мекендик тарыхта эркектер менен тең тайлаша эрдик
менен патриотизмдин туусун бийик көтөргөн аялдар аз эмес экенин баса белгиледи.
Замандаштар бул жолду татыктуу улантууда. Казакстандыктар бардык тармактарда
ийгиликтүү эмгектенип, өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошууда. Касым-Жомарт Токаев
мамлекет масштабдуу модернизация жолуна түшкөндөн кийин аялдардын ролу мындан
ары дагы жогорулай турганын баса белгиледи. Казакстандын жаңы Конституциясынын
долбоору дал ушундай стратегиялык өнүгүүгө багытталган.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
– Казакстан мурда да, мындан ары да жоопкерчиликтүү
социалдык саясат жүргүзөт, анын негизинде жарандарыбызга даректүү колдоо
көрсөтүү принциби жатат, анткени аларга чындап эле жардам керек. Мисалы, биздин
өлкөдө социалдык төлөмдөр, анын үстүнө көлөмү боюнча кыйла чоң, бала
төрөлгөндөн кийин эле жүргүзүлөт. Мамлекет башчысы катары мен эне менен баланы
колдоого өзгөчө көңүл бурам жана мындан ары да бура берем. Бул ишти өтө
маанилүү деп эсептейм, атүгүл президенттин башка кызматтык милдеттеринин
арасында артыкчылыктуу деп эсептейм. Бул жаатта керектүү мыйзамдык жана
институционалдык чаралар көрүлдү. Эми Конституциянын деңгээлинде биз үй-бүлө
институтун коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү фактору катары кыйла күчөтүп
жатабыз.
Президент ошондой эле Казакстандын социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон казакстандыктарга бир катар мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

