Казакстан Президенти телерадио комплексинин жаңы өнөктөшү
CGTN – Кытайдын глобалдык теле тармагы. Анын телеканалдары дүйнөнүн 160тан ашык
өлкөсүндө тарайт. Улуттук спутниктик канал болгон Silk Way бул эл аралык медиа
уюму менен биргеликте биринчи жолу ички аренада бир катар программалар сериясын
тартуулады. Алардын бири телекөпүрө
форматында өттү. Анда алып баруучулар алдыңкы серепчилер менен бирге Казакстан
менен КЭРнын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу
маселелерин жана ШКУнун алдыдагы саммитинин күн тартибин талкуулашты.
Айнур Имангали, SILK WAY теле каналынын башкы редактору:
-Бүгүнкү күндө Казакстан менен Кытай маанилүү өнөктөштөр.
Өзгөчө КЭР биздин эң чоң соода
өнөктөшүбүз экени белгилүү. Мунун
маанилүүлүгүн эске алып, биз ушундай байланышты түзүүнү жөн көрдүк. Башкача
айтканда, биз Астана менен Бээжинди, Казакстан менен Кытайды телекөпүрө аркылуу
байланыштырдык. Башкача айтканда, биздин
студияда өзүбүздүн серепчилер, Бээжиндеги студияда кытай адистери бар болду.
Ошентип ар кандай пикирлерди бир жерге бириктирдик.
Мындан тышкары,
көрүүчүлөр Шанхай кызматташтык уюмунун интеграциясы боюнча ток-шоуну көрүштү. Талкууга
казакстандык жана чет элдик талдоочулар катышты. Уюмга кирген өлкөлөрдүн
ортосундагы глобалдык көп тараптуу диалогду, экономикалык жана туристтик дараметти
арттыруу жаатында ой бөлүшүп, тажрыйба алмашышты. Долбоордун алып баруучулары
Айнур Имангали жана кытайлык белгилүү журналист Тиан Вэй.
Тиан Вэй, CGTN алып
баруучусу:
-Мындай учурлар
башка кесиптештер менен кызматташуунун жыйынтыгын билүү үчүн зарыл деп ойлойм.
Каналдын тарыхы менен тааныштым. Мен бул жерге биринчи жолу келип олтурам. Кирген
учурдан тартып комплекстин канчалык өнүккөн жана заманбап экенин дароо байкоого
болот. Жабдуулар жана тажрыйбалуу адистердин иши мени Бээжинде жүргөндөй
сездирди. Аткара турган ишибиз менен максатыбыз бир.
Эки каналдын
эфиринде Silk Way жана CGTN кабарчыларынын атайын жаңылыктар бөлүмү көрсөтүлөт.
Анда эки тараптын соода-экономикалык, дипломатиялык жана гуманитардык
тармактардагы кызматташтыгынын жемиштери көрсөтүлүп, жаңы маалыматтар берилет.
ШКУнун алдыдагы саммитинин күн тартиби да кеңири талкууланат. Ошондой эле Silk
Way телеканалында «Жибек жолу симфониясы: алгачкы он жылдык» даректүү тасмасы
жана «Шанхай руху» студиялык ток-шоуну көрсөтүү мерчемделген. Президенттик
телерадио комплекстин даректүү тасма борбору CGTN телекөрүүчүлөрү үчүн атайын
тасма сунуштайт. Ал теке айынын 5-6да көрсөтүлөт. Бул чоң медиа өнөктөштүктүн
башталышы гана. Алдыда көптөгөн биргелешкен долбоорлор, пландар бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков