Казакстан-Пакистан соода-экономикалык байланышы чыңдалат

Казакстан-Пакистан соода-экономикалык байланышы чыңдалат

Казакстан менен Пакистандын ортосундагы товар жүгүртүү олуттуу өсүштү көрсөтүүдө. Соода жана интеграция министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылдын 11 айында ал 100 миллион доллардан ашты. Бул 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу эки эсе көп. Мында өлкөнүн экспорту 5 эсеге көбөйүп, 56 миллион долларды түздү. Белгилей кетсек, Пакистанга жеткирилген бардык өнүмдөрдүн 94% мунай ээлейт. Калган бөлүгүн акшак жана сулу түзөт, ал эми ал жактан картошка, дары-дармектер, токулган буюмдар ташылат.

Өлкөлөр логистика жана транзит тармагында да кызматташтыкты чыңдоого ниеттенүүдө. Мисалы, Казакстан Гвадар порту жана Кытай-Пакистан экономикалык коридору аркылуу түздөн-түз деңизге чыга алат. Ошентип, өлкө дүйнөлүк соода жолдоруна жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Борбордук Азия боюнча талдоочу, Пакистандын Улуттук заманбап тилдер университетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Сарват Рауфтун айтымында, эки өлкө тең мамлекеттердин транспорттук-логистикалык борбор катары ролун бекемдөөгө умтулууда. Ошондуктан Астана - Исламабад байланышы аталган тармактагы негизги байланыштардын бири болуп саналат.

Сарват Рауф, Борбордук Азия боюнча серепчи:

- Жибек жолу экономикалык алкагы иштеп жатат. Кыргызстан аркылуу Кытайга чыгып, андан соң деңиз портуна жетүүчү маршрутту колдонуу мүмкүнчүлүгү бар. Пакистан үчүн бул жүк агымдары порттук инфраструктуранын кошумча жүктөлүшүн жана жаңы логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү билдирет. Жибек жолу экономикалык алкагынын дараметин пайдалануу Борбордук Азия өлкөлөрүнө гана эмес, Пакистандын өзүнө да пайдалуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков