Үчтүн айынын 13нөн тарта ЖККУнун аскерлери өлкөдөн чыгарыла баштайт. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев Алматыдагы оперативдүү штабдын жыйынында билдирди. Мамлекет башчысы алар Алматыга өлкөнүн эң ири шаарында болгон теракттын кесепеттерин көрүү үчүн келгенин дагы бир жолу эске салды. Токаев өкмөттүк комиссияга Алматы шаарынын акимиаты менен биргеликте инфраструктуралык объектилерди, анын ичинде мамлекеттик, укук коргоо жана атайын кызматтарды, видеокөзөмөл системасын тез арада калыбына келтирүүнү тапшырды. Буга кошумча, президент козголоңдо курман болгон аскерлердин жана милиция кызматкерлеринин жакындары менен жолугушту. Касым-Жомарт Токаев маркумдарга берилген сыйлыктарды туугандарына тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков