Теңгенин жүгүртүүгө чыкканына быйыл 30 жыл. Улуттук валюта күнүн утурлай борбор калаада «Теңге – эгемендүүлүктүн символу» аттуу көргөзмө ачылды. Экспозицияда 200дөн ашык экспонат коюлган. Келгендердин назарына теңгенин алгачкы үлгүлөрү, инвестициялык жана коллекциялык монеталар сунушталды. Белгилүү болгондой, улуттук валютанын биринчи нускасы Улуу Британияда чыгарылган. Ал эми алгачкы казак тыйындары Германияда басылган.
Галым
Байназаров, Улуттук банктын биринчи төрагасы: (1992-1993-жж.)
- Биз Казакстанда баштапкы
дизайнын өзүбүз жасадык. Ошондой эле, бештин айынын ортосунда Лондондо теңгенин
алгачкы нускасына кол коюп, өндүрүшкө киргиздик. Биздин тандоо туура болду. Анткени биздин банкноттун сапаты чоң банкнот
чыгарган заводдордун өнүмдөрүнөн алда канча жогору болду. Ошентип, 1994-жылы
биздин теңге өзүнүн сапаты боюнча Улуу Британиянын төрайымынын алтын медалына
ээ болду.
Көп өтпөй, 1995-жылы Казакстанда акча басып чыгаруучу фабрика ачылып, сапаты талапка ылайык болду. Эл аралык банкнот ассоциациясы 2011, 2012 жана 2013-жылдары теңгени дүйнөдөгү эң мыкты кагаз акча деп тааныды. Казакстан бул мелдеште үч жолу жеңишке жетишкен жалгыз өлкө. Ушул күнгө чейин теңге ар кандай эл аралык сынактарда сыйлыктарга ээ болуп келет.
Жомарт
Кажмуратов, Улуттук банктын банкнот фабрикасынын мүдүрү:
- Жасалма акчаны
чыныгы валютадан айырмалоонун бир нече жолу бар. Биринчиси жалпыга жеткиликтүү.
Ар бир адам айырмачылыктарды көрө алат, мисалы - банкноттун бурчу өзгөргөндө,
сүрөттүн түсү жылтылдап, өзгөрөт. Андан
ары банкноттун аныктыгын дүкөндөрдөгү атайын аппараттарда инфракызыл нурлардын
жардамы менен текшерсе болот, текшерүүнүн үчүнчү ыкмасы талдоочулук. Текшерүүнүн төртүнчү методикасы Улуттук
банктын адистерине гана белгилүү, анда даярдоодо колдонулган заманбап
нанотехнологиялар эске алынган.
Аль-Фараби,
Сүйүнбай, Курмангазы, Шокан, Абай, Абилхайыр жана Абылай хан. Эске сала кетсек,
эң алгачкы теңгенин бетине өлкөнүн маданий-саясий турмушунда өчпөс из калтырган
тарыхый инсандардын сүрөттөрү басылган. Экинчи сериясы «Аль-Фараби» деп аталды.
Кийинчерээк «Байтерек» деген үчүнчү муун чыкты. Азыркы тапта улуттук валютанын
төртүнчү толкуну жүгүртүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков